Бишкекте Тиматинин “Black Star Burger” тез татым ашканасы ачылат

Жакында Бишкектин “Азия Мол” соода борборунда Россиялык белгилүү жылдыз Тимати негиздеген “Black Star Burger” аталышындагы тез тамактана турган ашкана ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда аталган соода борбордун маалымат кызматы билдирди.

“Black Star Burger” учурда Россиянын бир топ шаарларында ачылган. Эл арасында аталган тез татым жайы өзгөчө популярдуулукка ээ. Соода борбордун маалымат кызматынын айтымында, тамактанчу жайдын техникалык ачылуусу бүткөндөн кийин Тимати (Тимур Юнусов) өзү Бишкекке келээри күтүлүүдө.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу