Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерин унаа сүзүп, ал ооруканага жетпей көз жумду.
Маалым болгондой, бүгүн 12-февралда Байтик баатыр Түштүк магистраль кесилишинде көчөнү шыпырып жаткан 60 жаштагы аялды Honda унаасы сүзүп кеткен.
Алган жарааттарынан ал ооруканага бара жатканда көз жумду. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак:Каганат