Бишкекте сулуулугунун айынан түнкү клубдан сабалган кыз

21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Джулия Ярмоленкону түнкү клубдардын биринен
Хадижа аттуу кыз курбулары менен чогу сабап салган. Бул тууралуу zanoza.kg маалымат
порталына Джулия Ярмоленко өзү билдирген.
Анын айтымында, 30-июндан 1-июлга карган түнү Джулия курбу кыз менен Бишкектин түнкү
клубдарынын бирине барган.
“Түнкү клубда мен мурдагы тааныш кызды көрүп калдым. Ал бул клубдан тирүү чыкпаарымды айтты.
Бир нече жыл мурун менин курбу кызым Мадина менен Хадижа достошуп жүрүшкөн. Мадина
Хадижадан карызга акча алган. Андан кийин экөө уруша кетишип, Хадижа карызды менден доолап
жүрдү. Ал социалдык тармактарда мени өлтүрүп кетем, сабап кетем деп коркутуп жүрдү. Хадижанын
эки курбу кызы бизди кармап турду. Хадижа болсо, бизди сабады. Милиция кызматкерлери менин
арызымды албай атышып, араң алышты. “Ээнбаштык”беренесинин негизинде кылмыш ишин
козгошту. ”,-деп билдирген Джулия Ярмоленко.
Джулиянын айтымында, Хадижа укук коргоо кызматкерлерине 500 доллар акча берип койгон.
“Менин сулуулугум үчүн сабап салышты”-, деп белгилеген Джулия.

 

Булак: факт.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу