Бишкекте милиция “крышовать” эткен сойкукана табылды

Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Абдрахманов 136 көчөсүндө жайгашкан сойкукананы жабышты. 3 айдан бери аталган үйдүн тургундары батирлердин биринен ар кандай үндөр, музыка чыккандыгына арыз жазышкан. Бул тууралуу radar.kg сайты жазып чыкты. 2017-жылдын 31-июлунда аталган дарек боюнча милиция кызматкерлери келишкен. Милицияга эшикти ачпай койгондуктан, алар куткаруучу топту чакырышып, эшикти ачып киришкен. Батирдин ичинде эки кыз болгон. Батирден колдонулган презервативдер табылган. Кыздарды Биринчи Май РИИБне алып кетишкен. Кармалган сойкулардын айтымында, сойкукананы Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында
иштеген милиция кызматкери “крышавать” этип  жүргөн.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу