ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги № 91-лицей менен № 77-мектептин окуучуларынын ортосунда чыр-чатак чыгып, бычакташуу менен аяктаган.
Маалым болгондой, чатак кечээ, 27-апрелде болжол менен саат 13.30 чамасында катталган. Балдар маселени чечүү үчүн мектептин аймагынан алыс жерге барышкан. Келип чыккан чатактан улам алардын бир бычак алып чыгып, жанындагысына сайган. Жарат алган бала №4-шаардык ооруканасына жеткирилген.
“Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектелип, 17 жаштагы окуучу кармалды”,- деп маалымдай басам сөз кызматы.
Учурда экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда.
Булак:Каганат