Бишкекте көңүл ачуучу жайдагы кыз үчүн эки жигит чырдашып, бири каза болду (толукталды)

—  Бишкек шаарындагы Chicago pub & karaoke көңүл ачуучу жайында 7-июлга караган түнү жаш жигитке ок атылды. АКИpress агенттигине булактар бидиргендей, бул чырга ошол жайда администратор болуп эмгектенген кыз себепкер болгон.
Кийинчерээк окуянын чоо-жайы тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирип, 8-июлда милиция кызматкерлерине адам өлтүрүү тууралуу маалымат түшкөнү белгилүү болду. Окуя болгон жерге барган Октябрь РИИБдин кызматкерлери төшүнө ок тийген эркек кишинин денесин табышкан. Анын өздүгү такталып, борбордун 1989-жылы туулган тургуну Ж.А. экени маалым болду.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон кафеден алыс эмес жерден травматикалык револьвер табылган.
Адам өлтүрүүгө шектүү — 1990-жылы туулган Э.И. көп узабай кармалып, бул окуяга кызганыч себеп болгонун айткан.
Октябрь РИИБдин тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, бир катар экспертизалар дайындалды. Учурда шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.
Ал эми, аталган жайдын администратору бул окуяга тиешеси жок экенин билдирип, маалымат берүүдөн баш тартты.
Булак: Турмуш.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу