ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте көп кабаттуу үйдүн батири толук күйүп кетти.
Маалым болгондой, өрт бүгүн түнү Киев көчөсүндө чыкты.
Тилсиз жоо 11 кабаттуу турак-жайдын 7-кабатында орун алып, эмеректер менен кошо 100 чарчы метр аянтка тете батирди жалмап кетти.
Куткаруучулар 12 жашоочуну сыртка чыгарышып, жабыркагандар болгон жок.
Жалын 2 саатта басылды.
Өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Булак:Каганат