Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 25-июнь күнү куткаруучулар Кустанай көчөсүндөгү №1 автобазанын аймагындагы кудуктардын биринен аялдын сөөгүн алып чыгышкан. Бул тууралуу Азаттык маалымдады.
Милициянын билдиргени боюнча ал Б.С. аттуу шаар тургуну болгон. Учурда анын өлүмүнүн себептери иликтенип жатат.
Булак: NazarNews.kg