Бишкекте адамдын жансыз денеси кудуктан табылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Свердлов районунда 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 01:39да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Достоевский көчөсүндөгү кудуктун ичинен белгисиз адамдын (аты-жөнү, жашы, жынысы такталууда) жансыз денесин алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: ARGUMENT.KG