Бишкекте жол кырсыгынан каза болгондор эскерилет

Борбор калаанын тургундары жол кырсыгынан каза болгондорду эскерип үнсүз жүрүшкө чыгат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Айгерим Үсөнова билдирди.

Активисттердин айтымында, Бишкекте жыл башынан бери бир жарым миңдей жол кырсыгы катталып, андан 376 өспүрүм жаракат алып, 11и каза болгон.

«Бул жүрүштү айдоочуларга кулак кагыш кылып, көңүл бурдуруу максатында уюштуруп жатабыз.  Соңку убактарда жол чийинден автоунаа  кишилерди сүзүп кетип, алар каза болгон окуялар көп катталууда», — деди Үсөнова.

Алар ошондой эле кайдыгер карабаган баардык жарандарды жүрүшкө катышууга чакырат.

Жүрүш 28-майда саат 11.00дө Горький эс алуу багында башталат. Учурда ага 1000ге чукул жаран катышары пландалууда. Алардын катарына жол кырсыктан баласынан ажыраган ата-энелер да кошулат. Жүрүштүн багыты боюнча менен макулдашылды.

Булак:sputnik.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу