Бишкекте жаңы таштанды полигону курулат


Жаңы таштанды полигонун учурдагы таштанды талаасынын түндүк тарабында анча алыс эмес жайгашкан аймакка куруу пландалып жатат

 Борбор калаанын учурдагы таштанды талаасын жабуу боюнча келишимге вице-мэр Эркинбек Исаковдун катышуусунда болгон жыйында кол коюлгандыгын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

1 596 900 еврого бааланган келишим мэриянын алдындагы Бишкек шаардык санитардык полигон муниципалдык ишканасы менен эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясынын ортосунда түзүлдү.

«Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылат. Ага кеткен каражаттын 50 пайызы Европа биримдигинин гранты жана Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын насыясы менен каржыланат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын маалыматына караганда, жаңы таштанды полигонун учурдагы таштанды талаасынын түндүк тарабында анча алыс эмес жайгашкан аймакка куруу пландалып жатат.

Булак: Sputnik.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу