Бишкекте жарым жылаңач кызды жолго таштап кетишти…

Бишкектин Урицк менен М.Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаадан жарым жылаңач кызды таштап кетишти. Окуя тууралуу билдирүү кечээ, 25-апрелде саат 17:28те 102 кызматына келип түшкөнүн ШИИБден билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, окуя болгон жерге мобилдик батальондун экипажы жөнөтүлгөн. Жаш кыз ага карата кылмыш жасалганын айтып, аймакты текшерүү учурунда (Кулиев менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилиши) шектүүлөрдүн бирин көрсөткөн. Аны кармап жатканда эркек адамдардын тобу мобилдик батальондун экипажын курчоого алып, алардын жөнөп кетүүсүнө тоскоолдук жаратышкан.

«Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына топтогу адамдар күч колдонуп, каршылык көрсөткөн. Алардын бири милиция кызматкеринен табелдик куралды (Макаров тапанчасы) алууга аракет кылган. Андан кийин мобилдик батальондун кызматкери КРдин ички иштер бөлүмүнүн мыйзамындагы 15-берененин негизинде курал колдонгон», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран — 1976-жылы туулган А.З. жана арыз ээси Биринчи май РИИБге жеткирилип, иштин материалдары тергөө кызматына өткөрүлдү.

Ошондой эле милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн окуя болгон жерге ыкчам тергөө кызматы жөнөтүлгөн. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кызматтык териштирүү дайындалды.
Булак: турмуш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу