Бишкек шаарында балдар ойногон аянттан каза болгон аялдын сөөгү табылды. Бул туурасында 24.kg агенттиги шаардык ИИБдин басма-сөз кызматына шилтеме менен билдирүүдө.
Маалыматтарга караганда, билдирүү Свердлов райондук ИИБне таңкы саат 06:00 чамасында келип түшкөн. Сөөк Бөкөнбаев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин короосунан табылган.
Ыкчам-иликтөө тобу окуя жерин иликтеп, маркумдун өздүгүн тактоодо.
Ал болжол менен 25-30 жашта. Күбөлөрдүн айтымында туруктуу жашай турган жери жок селсаяк болгон.
Денесинен өлтүрүлгөндүгү боюнча издер табылган эмес. Сөөгү сотмедэкспертизага жиберилип, өлүмдүн себеби аныкталат.
Булак: 5news.kg