Бишкекте бала саткан гинеколог врачтар кармалды

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте бала сатууга шектелип колго түшкөн дарыгерлердин ишинин чоо-жайын азырынча тактай элек. Териштирүү аракеттери 10-сентябрда башталарын министрдин орун басары Мадемин Каратаев «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, окуя тууралуу министрликке расмий маалымат түшө элек.

Баш калаадагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалышкан. Алар экөө экени кабарланганы менен Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы шектүүлөрдүн бири убактылуу тергөө абагына киргизилгенин билдирген. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү жана алар иштеген медициналык мекеме тууралуу маалымат айтылган жок.

Эске сала кетсек, айрым маалыматтар боюнча, сот шектүүлөрдүн айрымдарын абакка камакка алуу чечимин чгарса, айрымдарынын эркиндиги чектелген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу