Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү дайынсыз жоголду

Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Нургазы Бакаев дайынсыз жоголду. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта SUPER.KG порталына аталган партиянын басма сөз кызматынын өкүлү Жакшылык Бердибек уулубилдирди.

Анын айтымында, кечээ, 31-июлда саат 21:00 чамасында Нургазы Бакаевди белгисиз адамдар кармап кетишкен. Ал партиянын мүчөсү Чынара Аблакеевага бирөөлөр кармап кеткени боюнча Whatsapp’тан аудио билдирүү жөнөткөнүн билдирди. Ошондон бери уюлдук телефону өчүк болуп жатканын кошумчалады. Милицияга арызды эртең, 2-августта эртең менен берише тургандарын белгиледи.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Нургазы Бакаевдин жоголгону тууралуу маалыматы жок экенин SUPER.KG‘ге билдирди.

Булак:  SUPER.KG 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу