БИШКЕКТЕГИ ЦУМ НАЗАРБАЕВДИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫНА КҮРӨӨГӨ БЕРИЛЕБИ?

25-октябрда «ЦУМ Холдинг» ААКсынын акционерлеринин чогулушу болуп, анда «ЦУМ «Айчүрөк» ААКсынын акцияларын International Business Company HINDS LIMITED компаниясына күрөөгө берүү тууралуу келишим жактырылды. Бул тууралуу tazabek.kg Кыргыз фондулук биржасынын сайтындагы маалыматка таянып жазып чыкты.

«ЦУМ Холдинг» ААКсы «ЦУМ «Айчүрөк» ААКсынын 85,9% уставдык капиталына ээ.

Буга чейин 2017-жылдын 1-мартында «ЦУМ «Айчүрөк» ААКсынын акционерлери «Казкоммерцбанк» АКсы менен болгон келишимди жактыруу чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык, «ЦУМ «Айчүрөк» ААКсына тиешелүү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чуй проспекти, 155 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 21 027,5 кв.м болгон кыймылсыз мүлктү 0,92 га жери менен 2015-жылдын 29-декабрындагы №6710/А насыялык келишимдин милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн «АлматыКонструктивСтрой» ЖЧШга күрөөгө берилет.

«АлматыКонструктивСтрой» ЖЧШсынын Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге байланышы бар.

Ээси ким?

«ЦУМ Холдингдин» негизги акционери 102 099 же 99,88% акциясы бар «Асыл Инвест» ЖЧКсы.

Юстиция министрлигинн маалыматына ылайык, «Асыл Инвест» ЖЧКсы 2017-жылдын 25-августунда ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу каттоодон өткөн. Дареги дал келүүдө:  Бишкек, Чүй, 155. Жетекчиси Покровский Иван Сергеевич болсо, негиздөөчүсү Талипов Ерлан Амангельды улы болгон.

«ЦУМ Холдингдин» башкы директору: Акматалиев Кайратбек Айбекович.

КФБнын сайтынддагы эмитенттин бюллетенинде «ЦУМ Холдинг» ААКсынын мүчөлөрү: башкы директор  Насиев Мурат Кайратович экен, ал эми директордун орун басары 2005-2007 ТОО Erlian Tali экени жазылган.

International Business Company HINDS кайдан пайда болду?

Келишим тууралуу толук маалымат алуу үчүн Tazabek КФБга кайрылып, ал жактан «ЦУМ Холдинг» листингден чыкканы жана аларда маалымат жоктугу тууралуу билген.

«ЦУМ Холдинг» ААКсынын катчысы Роза Шаршенова келишим боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. Компания «ЦУМ Холдинг» ААКсынын директору башка жакта экени ал эми «Цум Айчүрөк» ААКсынын башчысы Михаил Михин иш ордунда жок экенин билдирди.

International Business Company HINDS LIMITED тууралуу маалымат табууга мүмкүн болгон жок. Tazabek Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына кат жолдогон.

Тимур Кулибаев менен болгон байланыш

«ЦУМ-Холдинг» компаниясы «АлматыКонструктивСтрой» жана «Казкоммерцбанк» менен келишим түзгөнү жатканы тууралуу 2016-жылдын 20-мартында белгилүү болгон. Мындай чечим акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынган.

Ошол маалда эле «ЦУМ-Холдинг» ААКсынын менчигинде турган “ЦУМ Айчүрөктүн” акцияларын күрөөгө коюу тууралуу кеп болгон.

Аталган коомдун катчылыгы Tazabekке келишим көп баскычтардан турарын билдирип, азырынча компаниянын ичинде эле жактырылганын кабарлаган. Бирок келишимдин суммасы тууралуу айтуудан баш тартты.

Tazabek «Казкоммерцбанкка» дагы кайрылып, бирок жооп ала алган эмес.

Ал эми «Алматы КонструктивСтрой» тууралуу маалымат өтө аз жана өздөрүнө тиешелүү сайты дагы жок болуп чыкты. Бул компания имараттарды куруу менен алек болору гана белгилүү. (Дарек: Сатпаев 109, кв 2)

ММКлар бул компания Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге таандык экенин жазып келишет.

Казакстандын фондулук биржасынын сайтындагы маалыматка ылайык, 2007-жылы «Меркурий» АКсы 2006-жылы түзүлгөн «АлматыКонструктивСтрой» ЖЧШсынын 99,9% ээ болгону жазылат. Ишмердүүлүгү – курулуш иштери, девелопмент. Дареги: Алматы ш. , Азербаев көч., 60.

«Меркурий» АКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сагдиева Раушан Махтаевна (Казак ССРинин Жогорку Советинин төрагасы Мактай Сагдиевдин кызы) 2007-жылы «АлматыКонструктивСтройдун» 0,01%ына ээ болгон.

Forbes.kz Тимур Кулибаев жубайы Динара Кулибаева менен бирге Холдинговая группа «АЛМЭКС» АКсына ээлик кыларын жазат.

Холдингдин ичинде «Народный сберегательный банк Казахстана» АКсы, «Кипрос» ЖЧШсы, «Меркурий 1999» ЖЧШсы (мурунку “Меркурий” АКсы), «Жайык Курылыс-Газ», «Аксайгазсервис», «Казбургаз», «Казстройсервис» ж.б. бар.

Булак: Тазабек.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу