Бишкектеги пикет: «Бардык көйгөй Бабановдон башталды, кыргыз-казак чек арасы ачылсын!»

Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында кыргыз-казак чек арасын ачуу талабы менен пикет өттү. Ага кыркка чукул адам катышып, «Кыргыз менен казак эли бир тууган, ЕАЭБден чыгууну ойлонуу керек, Бардык көйгөй Бабановдон башталды, кыргыз-казак чек арасы ачылсын!» деген жазууларды көтөрүп турушат. Акцияны Борбор Азиядагы адам укугу конгресси уюштурганын укук коргоочу Турсунбек Акун маалымдады.

Акциянын катышуучуларына Казакстандын элчилигинен өкүлдөр чыгып, барактарды таратып кайра кирип кетишти. Анда Казакстандын чек арада текшерүүнүн күчөтүү себептери, аткезчилик тууралуу казак расмий мекемелеринин маалыматтары жазылган. Казак элчилигинин өкүлдөрүнүн кайра кирип кеткенинине Турсунбек Акун нааразылыгын билдирди.

Пикет маалында 5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса, Кыргызстандын ЕАЭБден чыгышын, адам укугун бузуп жатканына байланыштуу Казакстанга экономикалык санкция жарыялоо талабы менен ЕАЭБ жана ЕККУга кайрылуу жөнүндө резолюция кабыл алынды. Бир катар катышуучулар парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун шайлоо алдында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушканын сынга алышты.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигинин дарегине бир катар сын айткан. Көп өтпөй кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, оор жүк ташуучу автоунаалардын 10 чакырымдан ашкан кезеги пайда болгон.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу