Бишкектеги бут кийим сатуучу “Lion” дүкөнү өрттөндү. “Инферно” интернет клубу жана “Фаст Фуд” кафеси да күйдү

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда 2017-жылдын 23-июль күнү саат 07:00 чамасында Горький-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан “Лион” бут кийим сатуучу дүкөндүн, “Инферно” интернет клубунун жана анын ичинде жайгашкан “Фаст Фуд” кафесинин чатырлары, дүкөн ичиндеги бут кийимдер, компьютерлер күйгөн.

Горький  көчөсү 132/2,  Жыгач устундуу калай жабылган  жалпы аянты 1100 чарчы метр “Лион” бут кийим сатуучу дүкөндүн, кампа бөлмөнүн, “Инферно” интернет клубунун жана анын ичинде жайгашкан “Фаст Фуд” кафесинин чатырлары,  бут кийимдер,  компьютерлер  жана 1000 чарчы метр пеноплас, стекловата, ОЗБ менен капталган шыбы  күйгөн.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт чыккан имараттын ичинен 1989-жылы туулган С.З. жана 1989-жылы туулган С.Д. аттуу жарандарды өрт өчүрүүчүлөр куткарып чыгышкан.

Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылып, саат 09:22де чектөөгө алынып, саат 13:35те толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби жана материалдык чыгымы Өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик агентигин өрттү сыноо лабараториясы тарабынан аныкталууда.

Булак: 5news.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу