Бишкектеги бардык маршруттук таксилер текшерилет. Экөө айып короого токтотулду


Маршруттук таксилердин бир гана техникалык абалы текшерилбестен жолдо жүрүү эрежесин сактоосу да каралат.

Июль айынын аягына чейин Бишкек шаарында «Жүргүнчүлөр транспорту» аттуу рейд өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында коомдук транспорттун техникалык абалы, айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин сакташы жана жүргүнчү ташуудагы эрежелердин талабы каралат.

Рейд профилдик тармактардын катышуусу менен өтөт.

Ошондой эле Бишкек шаары боюнча салык кызматынын өкүлдөрү автоунааларга төлөнчү салыктарды да текшерет.

Рейддин алдын ала маалыматтары боюнча эки маршруттук такси техникалык абалы начар жана рейс алдында берилчү медициналык кароонун жоктугунан айып короого токтотулган.

Булак:  Sputnik.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу