Бишкекке топ-модель эмес, чарбакер мэр керек

 

8-августта Бишкектин мэрин шайлоо болгону турат. Ага президенттин ротациялоо саясатына ылайык, теги Кыргызстандын башкы аймагынан чыккан тажрыйбасы жетиштүү бирөө шайланса логикага ылайык келмек, бирок Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы тарабынан Азиз Суракматовдун талапкерлиги сунушталганы жатат. Ал теги Чүйлүк, мэриянын курулуш жана архитектура жаатында 20 жылдан ашык иштеп, шаардык чарбанын көйгөйлөрүн жакшы билгени менен көпчүлүккө белгисиз фигура. Анын талапкерлигин тандоодо А. Суракматовдун мына ушул жагы эске алынды окшойт. Анткени, борбор калаанын башчысы чоң саясатка аралашпастан, чарбалык, социалдык жана маданий маселелер менен гана алектенгени оң.

Мэрликке талапкер өз программасынын мазмуну менен журналисттерди тааныштырып, бюджеттин киреше булагын арттырууга негизги басым жасай тургандыгын билдирди. Борбор калаанын “Ыңгайлуу шарттардын шаары” деген программасы бар, бирок аны ырааттуу жүзөгө ашырууга каражат жетишпейт. Ошондуктан салыктарды башкарууну жакшыртуу, бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү, чыгашаларды оптималдаштыруу зарыл. Мэрликке талапкер аларды депутаттар менен талкуулап, эгерде шайланып калса, кантип чечүүнүн жолун издеп жатыптыр.

Талапкердин айрым оппоненттери, өзгөчө АШАнын акырынан ашап жатышкандар анын сырткы көрүнүшүнө асылышууда. Эми бул чынында жөн эле патологиялык ич күйдүлүк, эмне айтарды, жазарды билбегенден чыккан наадандык. Эркек адам түгүл сулуу кыздардын чырайларын деле эч ким сууга чылап ичпейт. Чындап айныгандарга даба да табылбайт окшойт, тилекке каршы, алар үчүн экс-мэр сулуулуктун да эталону болуп калса керек. Бирок, Бишкектин толгон токой көйгөйлөрүн чечүү үчүн Алан Делондой топ модель эмес, орустар айткандай, иштегенден талбаган, кайратынан жазбаган “рабочая лошадка” талап кылына тургандыгын эсибизден чыгарбасак.

Азиз Суракматовду Курманбек Бакиевдин кадры дегендер да болууда. Бирок, ал да жалаа. Тескерисинче Аалы Карашев, Сапар Исаков сыяктуу чылгый Бакиевчилер экс-президент АШАнын тушунда чоң кызматтарга көтөрүлгөнүн жакшы билебиз. Ошондуктан Азиз Суракматовду бакиевчил атап, аларга жабыштыра берүү чынында “суу кечпеген” нерсе.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу