Бир түндө үч кишини жырткыч жаныбардай өлтүргөн кылмышкер изделүүдө

Казакстандын түштүк калаасында адамдарды жырткыч жаныбардай өлтүргөн кишини издеп жатышат. Бул тууралуу КТК билдирди.

Кайгылуу окуя ушул жылы 2-декабрга караган түнү болгон. Кылмышкер эки аялды алардын өзүнүн үйүндө катуу сабап, денелерин кескилеп тытып таштаган. Кылмышкердин үчүнчү курмандыгы болгон эркек киши денесинин көп жеринен бычактан жаракаттарды алган. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кошунасы Светлана Тюменцеванын айтымында, каза болгон эже-сиӊдилердин бирисине 30 жолу бычак сайылган, экинчисине 10 ирет бычак кирип, ички органдары кесилген.

«Мен сүйлөй албай турам. Аябай коркуп жатам. Менин 13 жаштагы уулум бар. Кызым болсо мектепке күндө барып келет. Кудай сактасын, алар үчүн тынчсызданып жатам. Аябай коркуп жатам. Мен ал үйгө кирген дагы жокмун. Коркуп жатам», – деп билдирди ал.

Окуядан кийин кылмышкер үйдү өрттөп жиберген. Өрт өчүрүүчүлөр келип имаратты өчүрүп жатканда ал качп кеткен.

Шектүүнүн качып бараткан учуру көзөмөл камерасына түшүп калган.

Кылмышка щектүү 34 жашта болгон. Полиция азырынча кененирээк маалымат бере элек.

Булак: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу