Бир келин мен үчүн ажырашып жатат…

Бир келин мен үчүн күйөөсү менен ажырашып жатат. Ал көптөн бери балалуу болбой жүргөнүн, эки жолу бала күтүп, бирок болбой калганын айтып, жолдошун күнөөлөдү. Күйөөсү «Сени сүйөм»,-деп жөн жерден кызганып, болбогон нерсеге майдаланып,  кол да көтөрөт экен.  Экөөбүз таанышып, ал мени жактырып калдым дейт. Менин   да ага болгон сезимдерим бар десем болот. Өзүм азыр бойдокмун. Чынын айтсам жумуш менен болуп,  үйлөнүү тууралуу бир да ойлонбоптурмун. Мен аны сүйүп калдым окшойт.  Акыркы күндөрү жолдошунан кызганчу болдум.  Чынын да ал ак жуумал, келишимдүү, жылдыздуу кыз. Сүйлөгөн сөзү ордунда, турмушту түшүнгөң, сени колдой алчуу келинчек болчудай. Мен ал кызга үйлөнгүм келип жатат, бирок жолдошу ажырашпайм деп жатыптыр. Эмне кылсам көздү жумуп сүйгөнүмдү алып кетип калсамбы?

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу