Бир катар министрлер иштен кетет…

Жакынкы жумаларда бийликте кадрдык алмашуулар орун алат. Бир катар министрлер кызматтан кетет. Алардын катарында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова, айыл чарба министри Нурбек Мурашев, ички иштер министри Улан Исраиловдор бар.

Гүлмира айым Жогорку Кеңеште мугалимдин орточо айлыгын билбей тердеп-кургап жаман болсо, Таалайгүл айым жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилчү сүйүнчү акча, аз камсыз болгон балдарга канча сомдон акча каражаты каралганын билбей эси оогон. Улан мырза болсо Текебаевдин берген суроолоруна жооп бере албай кызарып- татарганы менен элдин эсинде калды. Башка көзгө көрүнгөн иши болгон жок. Нурбек мырза “1000 сомдук” деген кличкага ээ болгону болбосо, бар же жок экени билинбейт. Ийинге кирген суурдай дымы чыкпайт. Мындай өз ишин жарытылуу билбеген министрлерден арылуу жагы биринчи орунга коюлуп жаткандай.

Булак: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу