Бир жума уктабасак эмне болот?

Уйку адамдын дем алуусун камсыз кылып, маалыматтардын сакталышы менен иммунитетти калыпка келтирет.

Бир түндү уйкусуз өткөргөн адамдын мээсинин жумушу начарлайт. Немис окумуштуулары “Journal of Neuroscience”те жарыяланган изилдөөдө 24 саат уктабаган адамда шизофрениянын жеңил түрү пайда болот, өз денесин башкаруу алсырайт, жарыкка деген сезимталдуулгу артат, түстөрдү (ак, кызыл) ажыратуу начарлап, сөздөрү да байланышсыз болот деп жазылган.

Ал эми андан узак уктабаса эс албаган мээ менен кошо организм да жумуш иштебей калат. Тамак-ашты сиңирүү начарлайт, диабетке кабылып калуу коркунучу пайда болот, көздүн көрүү жөндөмү төмөндөйт, кан басым жогорулап, салмак кошулат же азаят.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу