Бирөөсү «Исфана», экинчиси «Апасынын көйнөгүн тааныган» бойдон калып калбаса эле болгону

Эстрада ырчылары Самара Каримова менен Гүлжигит Сатыбековдун айланасындагы акыркы айтылып сөз болуп жаткан уу-дуу кеп “Эмгек сиңирген” деген наамдын берилишинен улам чыккандыгы талашсыз. Мамлекеттик наамдар, өлкөгө өтөгөн эмгек үчүн берилет. Кеп алардын канчалык деңгээлде мамлекетке маданият жаатында салым кошо алышты деген ой-толгоо сөзсүз талкууга алынып, ар кандай пикирлердин болушуна алып келээри бышык нерсе болчу. Сындап, каршы чыккан тараптардын деле кайсыл бир деңгээлде чындыгына ынанууга болот. Анткени, мамлекетке көп жылдан бери эмгеги сиңип, маңдай терин төккөн маданияттын мыктыларынын баарына тегиз берилип, бааланып калган болсо мындай карама-каршылыктардын болушу азыраак болмок. Эл сынчы, эл тараза. Мындан өткөн таразаны, тактыкты таппайсың. Шеркул Дүйшөналиевге окшогон эзелки ырчылардын бааланбай жатып, жаңы чыккан эки азаматыбыздын мындай бийик наамга жетиши, болбой эле оркойгон ката экени эл көзүнө дароо көрүнүп калды. Алардын эмгеги, ырларында кеп жок. Мыкты ырчылар экенинде да шегим жок. Акыркы эки жыл аралыгында бул эки ырчынын ырлары хит болуп, той-топурда ырдалып, элге жагымдуулугу артып турганы да чындык. Бирок, муну менен дароо эле эмгек сиңиргенди берүү кичине эртелик кылдыбы деген элдик пикирге кайсыл бир тарабынан кошулам. Министрибиз Түгөлбай Токтогуловичтин деле айткан, “наамды жашында бербесек, анан качан берет элек, алып ошого шыктанып элге эмгегин өтөсүн” деген сөзүндө деле калет жок. Бирок, эмгек сиңиргенине карабасак да болбойт. Мен алардын наам алганына каршы деле эмесмин. Куттуктайм. Берекесин көрүшсүн. Акташсын. “Наамдардын эмнесин аямак элек, бирдекебиз кетип атты беле” деп наамдардын баркын кетирип алуу дагы туура эмес. Керек болсо, Каримова, Сатыбеков эмес, Алина, Айчүрөк, буларды мында кой Саламат Садыкова эжекеме эми берсе да, таарынып калууга алардын эч кандай укугу жок болчу. Азыр ошолорго берсе ушундай талкуу болот беле? Жок, тетирисинче татыктуу
же кеч берилди деген пикирлер жайнамак. Бизде наамадарды берүүдө анын эмгегине жараша эмес, ыңгайы келген шарттарды карап калганы бардык тармактарда байкалат. Чындап эле акыркы жылдарда бул эки ырчынын эл арасында ыр жаатында кадыр баркы көтөрүлүп, ырлары уккулуктуу болуп аткан. Ошол жылчыкты издеген амалдуулук, “эл менимче экөөсүнө жакшы эле ойдо болсо керек” деген таризде, эмгеги сиңгендерден мурун мурдун тыгып, акыры ар кандай талкууга кабылды. Ушул наамды алып, Зейнеп Шакеевадай, Саламат Садыковадай, Алтынбек Сапаралиевдей жаман чапан кийишсе да ыр жаатынын төрүндө жүрүшсө жакшы, эгер алар эртең бизнеске кетип, 2 жылдан кийин өнөр сересинен алыстап, алган наамы гана керек болуп, ала турганын алып алган кишиче, ошонусун колко кылып, бирөөсү, “Исфана”, экинчиси “Апасынын көйнөгүнөн тааныган” бойдон гана эл элесинде калып калбасына, алыстап кетпесине кимде кепилдик бар? Эл арасында кубаныч менен жакшынын жарчысы болуп таралбаган талаш маселенин кийинки келечеги, аны алып жүрүүдөгү коомдук мамиленин аларга таасири, элдердин көз карашы ал экөөсүнүн башын шылкыйтабы же көтөрөбү? “Эл айта берет, бирөөсү билип айтат, бирөөсү сени көрө албайт” деген кимдир бирөөлөрдүн кулак кызыткан кызуу сөздөрүнө муюп жүрүп калышабы? Наамдын чеги жок, ал түгөнбөйт. Бүтпөйт. Баарыбыз алсак да бүтпөйт. Демек, “албасын” деп ичи тарлык деле кылгың келбейт. Кеп анын эмгек сиңирген, сиңирбегенинде болуп жатпайбы.

Күнболот Момоконов

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу