«Бирөөнүн көзүнө чөп салган жокмун, мен бойдокмун»-деген Мыкы элден кечирим сурап…

Азыркы мезгилде интернеттин кеңейиши  менен бүгүнкү күндөгү  болуп жаткан окуяны да жашырууга мүмкүн эмес болуп калды. Дал ушул мезгилге туш болгон, «Эң Мыкы шоунун» алып баруучусу Мыкы да интернет айдыңында катуу талкууга түштү.  Мыкынын  мас абалындагы   окуя баарыбызга белгилүү болсо керек.  Ал эми Мыкы бул окуя үчүн кыргыз элинен кечирим сурап, өздүк баракчасына төмөнкүчө билдирүү калтырды.

Анда,»Достор, акыркы жума мен үчүн жашоодогу эң оор жума болду. Адам баласы болгондон кийин баарыбыз жаңылат экенбиз. Бул ката мен үчүн жана башкалар үчүн дагы чон сабак болду десем жаңылышпайм. Мен болгону туура эмес убакта, туура эмес жерде болуп калдым. Ал эми көрө албаган адамдар ошол учурдан колдонуп, жеке жашоомо кийлигишип, каралоо максатында элге жаманатты кылышты. Ал күн менин эсимде жок. Чын. Бул окуядан кийин мен башты жерге салып чөгүп кеткен жерим жок, ошол эле учурда эрдик кылдым деп мактанбайм. Чөгүп кеткендей законду бузган жокмун, бирөөнүн көзүнө чөп салган жокмун, киши өлтүргөн жокмун. Бойдокмун. Ушундай жаман окуяга кабылганым учун менин чыгармачылыгымды жакшы көргөн адамдардан кечирим сурайм. Эң негизгиси менин жакын адамдарым чындыкты билишет жана түшүнүү менен туура кабыл алышты. Эми мындан дагы катуурак иштеп, сиздерди өзүмдүн чыгармачылыгым менен сүйүнтө бермекчимин. Ошондо чыгармачылыгымды каалашынча талкууласаңар болот. Ал эми жеке жашоомо аралашпооңорду суранам, ар кимдин жеке жашоосу ар кимдин өзүнүн иши. Туура түшүнүү менен кабыл аласыңар деген ойдомун… «-дейт алып баруучу.

БУЛАК:http://argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу