Бири-бириңизди күнөөлөбөңүз…

Аял-күйөөсүнүн эң жаман жагы ушул болсо керек. Адам баласы негизинен өзүнүн кыйындыгына, кайгысына башкаларды күнөөлөгөндү жакшы көрөт. Чындыгында, адамдын башына кандай иш түшпөсүн өзүнөн.

Эркектер менен аялдар бири-бирин: «Сен болбогондо, мен мындай абалга түшпөйт элем», «Сага бекер үйлөнүпмүн (же турмушка чыгыпмын)» деп жазгырышат. Мынтип бири-бирин күнөөлөй берсе, сезимдер муздап, бири-биринен көңүлдөрү кала баштайт. Ошондуктан тарс этсе эле күнөөлөбөй, кечирүүгө даяр болуңуздар. Мейли, жарыңыз күнөөлүү болсо да катачылыктарын бетине баса калууга даяр болбоңуз. Тескерисинче, түшүнүүгө тырышып, оңой кечире салыңыз. Катачылык жасабаган адам болбой турганын эстен чыгарбаңыз. Ошондой боло берсе түшүнүшбөстүктөн, күнөөлөй берүүдөн, уруш-кериштен үйүңүздүн берекеси кетип, сезимдериңиз муздап, бири-бириңизди жек көрүп кетесиздер.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу