Бири-биринен кеңеш сураган Урмат Усенов менен Нурлан Насип…

Нурлан Насип үйлөнөрдө өкүл эне катары бал ширин жубайларды тандаган. Анын бул тандоосу жакындарына эле эмес, жалпы журтка жакты. Эки үй-бүлө чогулганда орток темалар түгөнбөй, убакыттын кандай өтүп кеткенин байкабай калышат экен. Нурлан өкүл ата, апасы менен жолукканда жан дүйнөсү эс аларын баса белгилейт. Урмат мырзанын төрт өкүл баласынын ичинен Нурлан ага окшоштугу менен өзгөчөлөнүп турат экен. Анын ата-энеси, үйүндөгү тарбиясы, жада калса сүйлөгөндөрү, жашоо стили да окшош экенин айтып кубанат Урмат мырза. Жалаң эле кеңеш бере бербей, «кээде өзүбүз деле кеңешке муктаж болуп калабыз, ашкан акылдуу адамдар эмеспиз» деген өкүл ата менен эне көйгөй болуп калган учурда өкүл балдарына кайрылып кеңеш сурашат.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу