Биринчи вице-мэр Аскаровду айдоочусу терс каарманга айлантты

“Атың чыкпаса жер өрттө”,- демекчи, азыркы бийликтин аткаминерлери кыйраткан иши менен болбосо да, өздөрүнүн же айдоочу, жансакчыларынын жосунсуз жоруктары аркылуу көпчүлүккө таанылып калышууда. Ушул жумада Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров да айдоочусунун оройлугу жана көпкөндүгү менен терс каарманга айланды. Анын айдоочусу 19-февралда эртең менен кызматтык унааны Ош облусттук балдар ооруканасынын короосуна токтотуп, анын кесепетинен тез жардам унаасы өтүүчү жол тосулуп калган. Бирок медиктердин жолду ачуу тууралуу талабына шоопур орой жооп кайтарган. Качан гана журналисттер мындай “ыңгайлуу учурду” видеого тартып алып, социалдык тармактар аркылуу тараткандан кийин Ош мэриясынын гаражынын профсоюздук уюму көпкөн айдоочуга сөгүш берген. Эгер экинчи ирет да ушундай окуя кайталанса, анда жумуштан бошотулат экен. Эгер вице-мэрдин айдоочусу эле ушундай “борзый” болсо, анда “боссу” такыр эле сүрдүү го. Баса, карапайым калк ишеним артып шайлап, салыктын эсебинен маяна алып, кызматтык машина минип тайраңдаган мэрия, акимчилик сыяктуу чиновниктер кайсы жумушту кыйратып, элдин көйгөйүн чечип атат?

Булак: “Майдан. kg” 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу