Биринчи аялын өлтүргөн жаран экинчи аялын да өлтүрдү

Таластын Талды-Булак айылында жубайын сабап өлтүрдү деп шектелген жарандын иши
каралып жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-август күнү болжол менен
саат 23.00дөрдө жайлоодо мас болуп үйүнө келген
чабан 33 жаштагы аялын эч себепсиз ур-токмокко
алган. Анын натыйжасында аял алган
жаракаттарынан каза болгон. Аялын өлтүргөн 38
жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга
киргизилди. Ал буга чейин да бир нече жолу
соттолгон. Бул экинчи үй-бүлөсү экени аныкталды. Ал
биринчи аялын да уруп өлтүргөнү үчүн соттолгону белгилүү болду.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу