Бириккендер ыркырашты, эми ажырашабы?

Жыл башында үчилтик болуп биригип, көпкө узабай ажырашып тынган Ташиев, Келдибеков, Мадумаров деген “бөлтүрүктөр” жакында Төрөбаевди чиркештирип, төртилик деген бирикме түзүшкөн эле.

Арийне, ар кимиси өзүн кыйын сезген “кочкорлордун”биримдиги көпкө узаарына эч ким ишенген эмес. “Калк айтса калп, айтпайт” дегендей президенттик жарышка кимисин тандаарын билбей, чайналып жатканын байкаган элек. Анан өкмөтүү бекиткен кезде ичтеги ириң жарылып, сүлүк курттай болгон интрига ачыкка чыкты. Ачуусу чукул А.Мадумаров өзүн кармана албай: “Төрөбаев бийликтин кадр саясатындагы багытына макул болсо анда ошолорго кошулуп, бир эле команда болуп алыш керек” деди.

Эми булар бирикпей тургандай болуп биротоло ажырашабы?

Булак: “Мантыш”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу