Билим берүү министрине киргенче, президентке кирген оңоюраакпы? (

Азыр балдарын мектепке киргизе албай ата-энелер азан-казан түшүп жатышкан кези.
Шаардын мектеп директорлору араанын ачып, акчаны ачык эле сурап ызы-чуу түшүп
жатса да, биздин билим берүү министрлиги былк этип койбойт го чиркин. Анысы аз
келгенсип маалымат алуу үчүн керек болсо министрге кирүү кыйын. Гүлмира
Кудайбердиевага киргенче президенттин кабылдамасына кирген оңоюраак болуп калган
заман. Реформа жасап атабыз эле дейт министр айым. Кайсы реформаны жасап атканын
түшүнсөк, буйрубасын. Балдардын аттестатын жараксыз кылып салганы эле болбосо,
азырынча реформа жааты түшкө кире элек. Мектепке кирүү акысыз деген түшүнүк
аларда эле жашаса керек, жөнөкөй эл андай ойдо мектептин короосуна да жакындай
албай аткан кези. Муну көзөмөлдөгөн бирөө барбы?

Булак: “Де Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу