БИЛИМДҮҮ БОТОБЕКОВДУ СЫНДЫРУУГА БИЛИМСИЗ ИКРАМ ИЛМИЯНОВДУН КҮЧҮ ЖЕТКЕН ЖОК

Айтылуу «шоопур», Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрам Илмиянов  саясый серепчи, «Улуттар Биримдиги» партиясынын мүчөсү Уран Ботобековго жана «Вечерний Бишкек» басма үйүнө беш млн сом доо коюп сотко кайрылганы белгилүү. «Улуттар Биримдиги» партиясы Уран Ботобековго каршы саясый куугунтукту токтотуу талабын койгон. Бирок, сот ишти Икрам Илмияновдун пайдасына чечип берген. Мындай акыйкатсыздыктан кийин Уран Ботобековдун кабары билинбей, айрымдар аны саясий баш паанек  таап,  сыртка кетти дешкен.

    Тактай кетүүчү жагдай, Уран Ботобеков эч кандай саясый баш паанек издебей эле АКШда илимий ишмердик менен  алектенүүдө. Ал  англис тилинде   илимий макалаларын, серептерин жарыялап, Борбор Азиядагы ислам агымдары, чөлкөмдөгү коопсуздук жана геосаясый көйгөйлөрдү көтөрүп,  кыргызстандык илимпоз жана дипломат катары ишмердигин улантууда.

Белгилей кетүүчү, кубанычтуу жагдай, Уран Ботобеков  Европадағы белгилүү журналдын (the Modern Diplomacy) редакциялық Кеңешине мүчө болуп шайланды.

Кыскасын айтканда билимдүү Уран Ботобековду сындырууга билимсиз Икрам Илмияновдун күчү жеткен жок. Илимпоз серепчи Уран Ботобеков өз ишин улантып, дүйнөгө из калтырууга даалалат жасоодо. Ал эми  Икрам Илмиянов Атамбаевдин интригасынан жогору чыга алган жок.  Акыйкат чындык ушундай…

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу