Билгенин кылган бийлик акыры бирди көрөбү?

Бирди көргүсү келген бийликтин көзү тумандап, асылган тарабына азуусунун болгонун көрсөтүп алмайы бар. Мурунку эки тарыхый окуя сабак болбостон бул бийлик да ашынып баратат.

Дегенибиз, Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды.

Бул Атамбаев акыры Текебаевдин түбүнө жетүүгө жасаган аракеттеринин эң башкысы десек болот. Карагыла, 4-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартуу маселеси каралды. Жүйөө мындай, Текебаев тарабынан жарандардан 30 миң кол топтоодо каржылык эреже бузулду деп кол топтоо баракчалары жокко чыгарылганы, БШКнын бул чечимин сот мыйзамдуу деп тапканы. Күлкү келет бекен, эй! Кыскасы, комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Текебаевди талапкер кылып каттоодон баш тартуу чечими чыкты. Добуш берүүдө комиссиянын 9 мүчөсү (жыйынга катышпай, бирок добушун кесиптештерине тапшырып кеткендерин кошкондо) Текебаевди каттоодон баш тартуу боюнча жумушчу топтун сунушун колдоп, 3 мүчөсү каршы болушту. Каршы болгон БШК мүчөлөрү- Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов. Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары аны талапкер кылып каттоо үчүн 38 миң 642 жарандын колун топтоп тапшырган. Бирок БШК кол топтоодо каржылык эреже бузулганын негиз кылып, Текебаев тарабынан чогултулган баракчаларды жараксыз деп тапкан эле. «Ата-мекенчилер» БШКнын чечими мыйзамсыз экенин айтып сотко кайрылышкан. Алгач Бишкектин райондор аралык соту БШКнын чечимин туура деп тапса, Жогорку Сот райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырган. Дегеле, бул бийлик өзүнө татыктуу атаандаш боло тургандарды так ушинтип тизеге чаба берсек эле жеңишке жетебиз дешеби?

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу