«Бий жокто кулдар жүрөт жородо, ит жокто чочко үрөт короодо»

Кечээ, 13-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча маселени карап, комиссия төрагасы Анвар Артыков доклад жасады. Бирок айрым депутаттарда КСДП депутаты Анвар Артыков комиссия жыйынтыгында бир дагы факты келтирбей, “бирөөлөр” тарабынан даярдалган кагазды окуп берди деген шек жаралды. Адатта тактабай маалымат таратасыңар деп журналисттерди айыптаган депутаттар бул жолу өздөрүнүн комиссиясы такталбаган, далилсиз ушактарды таратканын кантип түшүнсөк болот? Улуу трибунага Анвар Артыковду чыгарып, саясий ишмерлерди айыптатып, эл ишенип шайлаган кыргыз парламентинин күнү ушул Артыковго түшүп калганын көпчүлүк интернет колдонуучулар катуу намыстанып жазып жатышат. Парламенттин акскалы аталган Артыков айым депутаттарга да атырылып, кыргыз парламентин башына кийгени элибизди намыстантып, ого бетер нааразылыкты күчөткөндөй болду. Кайран гана улуу трибуна, кайран парламент! Дооронбек Садырбаев, Абсамат Масалиев өңдүү калыс кишилер азыр болгондо, каңырыгы түтөп сүйлөөр эле да! Элибиздин моокумун кандырып. Азыр болсо саясий оппоненттерди каралоо иши артыковдорго түшүп турган чагы.

Ал эми Текебаев парламентте олтурганда, анын айбатынан корккон суу жүрөк чөөлөр, ал камалганда жандана башташканы, булардын ким экенин далили. «Бий жокто кулдар жүрөт жородо, ит жокто чочко үрөт короодо» демекчи, тилекке каршы бүгүнкү парламентте болуп жаткан акыбал ушундай.

Тезньюс.kg                                                                                        Chyndyk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу