Бийлик элге отчет бергенден коркуп, депутаттар шайлаган шайлоочулардан коркуп калды

Тилекке каршы мурунку Жогорку Кеңеште президент жыл сайын отчет берчи эле, азыр ал көрүнүш түп тамыры менен жок болуп кетти. Бийлик элге отчет бергенден коркуп, депутаттар шайлаган шайлоочулардан коркуп калды. Депутаттар бара албайт. Себеби алар шайлоо учурунда шайлоочуларга көп убадаларды берип алат дагы анан 5 жыл жоголуп кетет. Так ошондой системаны жарандар өздөрү орнотуп койду. Мисалы азыркы депутаттар элге да барбайт, убада дагы бербейт, партиянын лидерине 500 миңди же млндорду берип коет анан эле “алтын депутат” болуп олтура берет. Жоопкерчилик жок. Ага эч ким тийе албайт, ал тургай креслосунан жылдыра дагы албайт. Ал эми жалындуу сүйлөп кичине активдүү депутаттарды эптеп арызын жаздырып чыгарып Жогорку Кеңештен чыгарып жиберет. Калгандары Жогорку Кеңеште олтура берет. Мына ошондуктан адамдардын Мекенге болгон жан дүйнөсү менен патриоттук сезимин ойготушубуз керекпи? Жан дүйнөнүн жардысы жаман. Идеяларды ишке ашыруу өтө кыйын, керек болсо мындай Курултайдын талабы керек ар бир кыргыз менен иштешүүгө алып келип, талыкпас эмгекти талап кылат.
Булак: А.Бекназаров
Даярдаган: Темирлан КЕЛДИБЕКОВ
«Кыргызтаймс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу