Бийлик Эдил Байсаловдун ак ниеттүү эмгегин бааласа, мамлекет үчүн пайдалуу болмок

Өткөн кышта Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин тиреши жаңыдан башталганда Эдил Байсалов курч маанайдагы пикирлерин ЖМКларга жарыялай баштаган. Барган сайын «эки дөөнүн» тиреши ырбап, бири-бирине компроматтардын согушу күчөгөн.

Ошондой шартта Эдил мырза бир багытты тандап алып, «эски жарасы» үчүн Атамбаевге каршы айыгышкан согушка өтүп, ушул күнгө чейин өзүнүн чындыгын айтып келатат. Чындыгында Байсаловдой болуп азыркы президент Жээнбековго мынчалык жүрөгүн тоскон саясатчылар жокко эсе. Эдил негизинен согушка аттанса, аягына чыкмайынча күрөшөрүн билебиз. Ал убагында «Форумдан» кабинет алып, Курманбек Бакиевдин ыплас бийлигинин жүзүн ачууда катуу туруп, аягына чейин айыгышкан күрөш салган. Өзүнүн өмүрүн тобокелдикке салып, коомдогу адилеттүүлүк, сөз эркиндиги жана демократияньш өнүгүшү үчүн ал баатырдыгын көрсөткөн. Бирок, 2010-жылы келген жаңы бийлик Байсаловдун мамлекеттүүлүк үчүн жасаган таза эмгегин толук кандуу актабады. Ошон үчүн ал кайрадан саясаттын чордонуна чыгып, чыныгы тайманбастыгын көрсөтүүдө. Эмне үчүн бийлик Эдил мырзанын ак ниеттүү күрөшүнүн акыбетин кайтарбайт? Каарманыбыз кайсы гана министрликти жетектебесин, ал майын чыгарып, элибиз үчүн ак кызматын өтөп бермек.

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу