Бийлик Текебаевди эркиндикке чыгаруудан коркот

Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаевдин, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды. Бул абалды саясатчылар, аналитиктер бийлик Текебаевди камактан чыгарууга кызыкдар эместиги катары баалашты. Ал эми “Ата Мекен” партиясы болсо оппозицияга кетээрин эскертип опуза кылымыш болду. Буга чейин да жаңы ачылган жагдайлардын негизинде иш кайра каралып, сот мурдагы өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырган. Дал эле ошол сценарий кайра кайталанганы турат. Анткени Текебаевди эркиндикке чыгаруу бийликке баш оору жаратат деген коркунуч Ак үйдөгүлөрдүн аң-сезимин ээлеп алган.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу