Бийлик Саляновадан эмнеге кооптонот?

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулганына байланыштуу 3-июлда камакка алынып, азыркы учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын өмүрүнө, жан саламаттыгына коркунуч бардыгы коцгуроо болуп кагылып жатат. Бирок ага бийликтин кулак какчу түрү жок. Өкүнүчтүүсү, Батукаев боюнча дөө-шаалар камалбай үй камагына чыгарылып, кичинекей кызы бар алсыз аял заты, эне экендиги эске алынбай, Салянованы №1 тергөө абагында кармоо акылга сыйбаган иш экени коомдо кызуу талкууланып жатат. Кокус Салянова эртең абакта бир нерсе болсо ким жооп берет? Ошол себептен Аида айым качып кетпегенден кийин гумандуулук кылып уй камагына чыгарып деле ишти тергесе жарашмак.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу