Бийлик Кулматовдон кутулду…

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов иштен кетти. Мындай күтүлбөстүк Кулматов 11-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде ТВЕА компаниясы метеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу сурак  берип чыккандан кийин алды.

Эске сала кетсек, 2014-жылы ТЭЦти модернизациялоого 386млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы 2 млн. доллар грантка Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча салып бермек болгон. Кийин ал 750 орунга, андан кийин 660 орунга чейин кыскарган. Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш эки жолу токтоп калган. Кийин курулуш үчүнчү ишканага — «Айкөл курулуш» компаниясына берилип, мектепти ошол бүткөргөн. Бирок Кытай акчасынан тышкары Бишкек шаардык бютжетинен 104 млн. сом бөлүнүп берилген. Башкы прокуратура былтыр “Айкөл курулуш” компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине карата кьшмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет берген сумманын 91 миллиону кымырылганын жарыялаган.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу