Бийликти сындасаң тилиңди да кесишеби?

Чын эй, бийликти сындап жазган акын Тенирлан Ормуковду камакка алуу үчүн издөө салынды. Ормуков ар качан социалдык тармактарда, мезгилдүү басма сөздөрдө чыркыраган чындыкты жазып келген.

Мындан улам Бишкектин Октябрь райондук соту активист, акын Темирлан Ормуковду камакка алуу чечимин чыгарды. Чечимге ылайык Ормуковго издөө салынып, кармалгандан тарта Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго 1 айга камакка алынат экен. Ормуковго буга чейин өлкөдөн эч жакка кетпөө жөнүндө сот чечими чыккан. Жабырлануучу тарап анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү айтып сотко кайрылып, өтүнүч канааттандырылды. Ал эми аталган маалымат интернетке тарагандан кийин Ормуков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына “Көңүл бургула, издөө салабыз! Өзгөчө коркунучтуу кылмышкер изделүүдө! Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын токтому менен мен изделип жатам..”- деп жазып чыкты.

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу