БИЙЛИКТИН ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫНА БОЛГОН БААНЫ КӨТӨРҮҮ ОЮУ ДАГЫ ДЕЛЕ КҮЧҮНДӨ

Бийликтин  электр жарыгына  болгон бааны көтөрүү  оюу дагы деле күчүндө. Бул тууралуу энергетика тармагындагы адистердин тегерек стөлүндө сөз козголду.

Анда президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков донорлор менен биргеликте маселени талкуулоону сунуштады.

«Бааны көтөрүү үчүн калкты жогорку айлык акы, социалдык төлөмдөр менен камсыз кылыш керек. Албетте алдыга жылуу керек. Убакыт өтө аз», — деди ал.

Белгилей кетсек,  Энергетика жана кен иштетүү комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев   Кыргызстанда 2018-2020-жылдары электр энергия тарифтери 10 пайызга көтөрүлөөрүн айткан.

  Ал: Бизде электр энергиянын наркы башка мамлекеттерге салыштырмалуу 3-4 эсе арзан. Андыктан, анын баасын акырындык менен жогорулатууга туура келет,- деген эле.

Учурда жарандар жарык үчүн бир киловатына 77 тыйындан төлөшөт. 700 киловатт-сааттык чектөөдөн ашкандар үчүн 2 сом 16 тыйын тарифи орнотулган.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу