Бийликтин саясый душмандары көбөйүүдө. Туруштук берүүгө мезгил жакындады

Президент Сооронбай Жээнбеков жарым жыл мурда эле Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөн Чотоновду, Бекболот Талгарбековду, Кубанычбек Кадыровду, Бектур Асановду ж.б. «саясый куугунтукка» баалангандардын иштерин кайрадан каратып, эркиндикке мыйзамдын жолу аркылуу чыгарып салса болмок. Булар Алмазбек Атамбаевдин душмандары эле. Азыр болсо алар Атамбаевди кандай жек көрүшсө, Жээнбековго да кастарын тигип атышканы байкалууда. Алардын пиарщиктери бийликке акаараттарын кыла башташканы жөн жерден эмес го?.. Ошол эле маалда коррупцияга шектелип, камалып жатышкан чиновниктердин да жоон тобу бар. Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев, Албек Ибраимов, Салаадин Авазов, Икрам Илмиянов, Айбек Калиев, Адамкул Жунусов, Нурбек Айбашов ж.б. Албетте, булардын ишине да адилеттүү баа берилиши керек. Сот процесстери ачык жүрүп, коррупцияга аралашкандары аныкпы же саясый кысым болгонбу? Дал ушул өңүттө элге даана маалыматтар жетсе, ачык-айкын түрдө коомчулуктун баасы берилет. Ток этери, С.Шарипович кечээги А.Шаршеновичтин камакка алган душмандарын жана кийинкилерин дагы өзүнө каршылаш катары коюп алганы болду. Мындан ары бийликке каршы күчтөр дагы кызыганы калды окшойт. Ошон үчүн Акүйдүн 7-кабаты татыктуу, белдүү азаматтарды өзүнө тартышы зарыл. .

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу