БИЙЛИКТИН “БАРБАРОСС” ПЛАНЫ ТӨРӨБАЕВГЕ КАНТИП СОККУ УРУУ АРАКЕТИН КЫЛУУДА?

17-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешине 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгы менен кайрадан келишкен 6 фракциянын ичинен “Өнүгүү” менен “Ата-Журт” фракциялары биригип, маалымат жыйынын өткөрүштү. Албетте, аталган эки фракциянын бул биригүүсү кеңештеги коалициялык көпчүлүктү түзүү менен шаардык бийликти колго алуу аракеттеринин башталышы деп түшүнсөк болот.

Тагыраагы, эртең президент болуп, эл башкарам деген Бакыт Төрөбаевдин кичимекени Жалал-Абаддагы “Өнүгүүсү” аркылуу шаардын эки тизгин, бир чылбырын колго алуунун экинчи, ал гана эмес үчүнчү жасап жаткан аракети. Буга чейинки эки аракети текке кеткен: биринчисинде, эң чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп, бирок ошол азыр бириктик деп жаткан “атажурттан” кайра депутат болуп келген Мураталы Тагаев жана учурда КСДП аркылуу Жогорку Кеңеште олтурган Айнура Осмонованын “Өнүгүүнү” таштай качуулары менен Төрөбаевдин тоодой кыялы орундалбай калса, экинчисинде, 2016-жылдын 11-декабрында өткөн шайлоодон соң араң түзгөн көпчүлүк коалициясын айрым билермандардын айтымында президенттин эң ишенимдүү тиреги, “шоопур” атка конгон Икрамжан Илмияновдун колу менен “талкаланган”.

Ырас, бул имиштерди башкаларга салыштырмалуу Төрөбаев жакшы билээри мүмкүн болушун эске алганда, анда демек бул үчүнчү аракети такыр эле натыйжасыз аяктаарын бизден сонун түшүнүп турат. Андай болсо мындай кадамы менен Төрөбаев эмнени жасагысы келип турат? Өчпөгөн үмүтпү? Же бийликке сес көрсөтүүбү?

Бүгүнкү маалымат жыйында айтылгандай, “Өнүгүү” коалиция куроо сунушу менен кат түрүндө КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” фракцияларына да кайрылышкан. Бирок, төртөөнөн тең үн чыккан эмес. Албетте, мындан алдыңкы курамды таратуунун негизги максаты эмнеде экенин Төрөбаев билбей калыптырбы? Эң сонун билет!

Мейли, КСДПны айтпай тек коелу, эл арасында “КСДПнын клону”, “куурчагы” делинген “Кыргызстан” “Өнүгүүгө” кошулмак беле? Же ЖКда оппозициядан коалицияга өтө качкан, бир кездердеги Төрөбаевдин “устаты”, учурдагы келишкис каршылашы Бабановдун “республикасы” келип калаар деген үмүттө болдубу? Балким, “шоопурдан” үмүт кылгандыр, “Мекеним Кыргызстандагы” төрт депутатын кошуп каалар деп.

Албетте, бул күлкү келээрлик. Айтмакчы, а эмнеге мурунку таркап кеткен чакырылышта аты-жыты жок “Мекеним Кыргызстан” бул жолкусунда 4 мандат менен келип калды? Балким, анда чыр кылып акыры таркоого дуушар болгон “Өнүгүүгө” бу сапар дагы бир мандат кошуп койсок курсант болуп каалар деген мыскыл болуп жүрбөсүн (мурункуда “Өнүгүү” 8 мандат менен келсе, мында 9 мандат).

Ким билет… Айтор, “тил албасаң мындай кылабыз” маанисиндеги “көтөнзордукка” бүгүнкү күнү “Өнүгүүнүн” Жалал-Абаддагы акыбалы туш болууда. Алардын бүгүнкү чакыруусуна дегеле баруу түшүнө кирбеген 4 фракция эми “Өнүгүү” менен “Ата-Журт” кааласа да, каалабаса да 18 мандат менен көпчүлүк коалиция курап, шаарды каалагандай калчай берүүгө багыт алганы туру.

Эгерде ушундай эле болуп көпчүлүк коалиция куралып кала турган болсо, эми эки фракция депутаттарынын добуштары кворумду кошпогондо башка эч кандай чечимдерге ээ болбой калышы турган иш. Мисалы, төраганы же мэрди шайлоодо.

Кокус эле кворумдан чоочулап төрагалыкты ыроолоп коюшпаса. Канткен күндө да Жалал-Абаддагы кезектеги бийлик талаш бүгүн-эртеңден президентикке аттанып жаткан Төрөбаевге плюс да, минус да болушу мүмкүн…

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу