Бийликтин аргасы кеткендеги кадамы же Текебаевдин сотундагы кызык жагдайлар

ӨмүрбекТекебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту башталып, кызык жагдайлар ачыла
баштады. Ө.Текебаев менен Д.Чотонов элүүдөн ашык күбөлөрдү сотко чакыра турганын
билдиришти.«Вечерний Бишкек», КТРКга окшогон бийликтин массалык маалымдоо
каражаттары ал күбөлөрдү «жалданма күбөлөр» деп бүт Кыргызстанга жарыялап жибергенге үлгүрүштү. Бул реакциясына караганда, бийлик мынчалык күбө чыгарын
күткөн эмес окшойт. Биз ошол күбөлөрдүн кээ бирлеринин көрсөтмөлөрүнө көңүл
бурсак.

Л.Маевский өзүнүн 21-февраль, 22-февраль, 26-февралда берген көрсөтмөлөрүндө
мындай дейт: «2010-жылдын 13-майында Л.Маевский, А.Модин, Т.Маматкеримов,
Д.Чотонов болуп, Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары Өмүрбек
Текебаев менен анын кабинетинде жолуктук. Кабинеттин эшигинде «Убактылуу өкмөттүн
төрагасынын биринчи орун басары» деген табличка илинип турган. Жолугушууда жалпы
сөздөр болду. Ошол күнү кечинде, саат 18-19дарда «Хаят» мейманканасынын
ресторанында мен, Чотонов, Модин, Текебаев болуп жолуктук». Л.Маевский: «Ошол
«Хаят» мейманканасында Текебаев мага мен баш тарта албаган «сунуш» киргизди» деп
бир нече жолу көрсөтмө берди. А.Модин да 2010-жылдын 26-февралында берген эки
көрсөтмөсүндө 13-майдагы кечки жолугушуу «Хаят» мейманканасынын ресторанында
болгонун көрсөтөт. Бирок, тергөө да, Л.Маевский да, А.Модин да март айында «13-
майдагы кечки жолугушуу «Супара» ресторанында болгон» деп көрсөтмөлөрүн кескин
өзгөртүшкөн.

Эми ошол күндөрдөгү Кыргызстандагы кырдаалды эстеп көрсөк. 2010-жылдын 12-
майында Бишкекте контрреволюциялык төңкөрүш аракети болот, бирок ишке ашпай
калып, бакиевчилер 13-май күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук
администрацияларынын имараттарын басып алышып, өзүлөрүнүн губернаторлорун да
шайлап жиберишет. Ош, Жалал-Абад аэропорттору басылып алынат. Минскидеги Бакиев
«мен азыр деле Кыргызстандын президентимин» деп жарыялайт. Контрреволюциялык
реванш реалдуу болуп турган. 13- май күнү Убактылуу өкмөт генерал И.Исаковду «Ош,
Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча Убактылуу өкмөттүн атайын өкүлү» деп дайындап,
«контрреволюциялык козголушту бас» деп түштүккө жөнөтөт.

13-май күнү коргоо министри И.Исаков, өзгөчө кырдаалдар министри Д.Чотонов, ички
иштер министринин орун басары Б.Алымбеков саат 17лерде «Фрунзе-1» деген аскер
базасынан Ошко вертолет менен учуп кетишет. Бул факт боюнча И.Исаков жана башка
ондогон адамдар көрсөтмө бергени турушат. И.Исаков баш болгон бул топту Оштон да
көп адамдар тосуп алышкан. Бул окуя боюнча массалык маалымат каражаттарында да
чагылдырылган

Демек, 13-май күнү кечиндеги, мейли «Хаяттагы», мейли «Супарадагы» Л.Маевский
айткан жолугушууга Д.Чотонов катышуусу мүмкүн эмес экен да. Генерал И.Исаков өзүнүн
көрсөтмөсү менен УКМКнын жана Л.Маевскийдин анык жүзүн дагы бир жолу ачып
койбодубу.

Эми Генпрокуратура, УКМК, Маевскийлер эмне дешээр экен?

Алар адатына салып, көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, «Чотонов жок эле, эсибизден чыгып
калыптыр, Текебаев менен эле жолукканбыз» деп чыгышы толук мүмкүн. Бирок, алардын
«тилегине» каршы Ө.Текебаевдин да ошол күнү катышкан иш-чараларынын ондогон
катышуучулары да Ө.Текебаев Л.Маевский, Генпрокуратура айтып жатышкан
«Супарадагы» жолугушууга бара албашын далилдеп жатышат.

Мисалы: 2010-жылдын 13- май күнү саат 16.30дан 21.00го чейин «Пинара»
мейманканасында Конституциялык кеңешменин кезектеги жыйыны болгон. Бул
жыйынга Конституциялык кеңешменин 60 мүчөсү, секретариаттын мүчөлөрү,
журналисттер жана башкалар катышкан.

Өмүрбек Текебаев кеңешменин ишине саат 17.30дардан 20.30га чейин катышкан. Анын
катышканын күбөлөрдөн башка кеңешменин видеоматериалдары, стенограммасы,
протоколдору тастыктап турат.

Ушул документтердин баарын «Вечерний Бишкек», КТРК жасалма, күбөлөрдү «жалданма»
деп жарыялашы бийликтин аргасы түгөнгөнүн көргөзөт.

Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун адвокаттарынын айтымында, сотгук териштирүү
убагында УКМКнын дагы далай былыктары ачылганы турат…

Булак: “Азия Ньюс”    

Аргумент.kg
Жооп калтыруу