Бийликтен тизгин талашкан Атамбаев депутаттарды коркутууга өттүбү?

Сыйы менен (Баш мыйзамга ылайык) бийликти өткөрүп берип, бирок сыйы менен экс-президент деген статуска макул боло албай, алтургай ага татыктуу да боло албай Алмазбек Атамбаев байланган бука кейптенип турганын байкабай калган адам жоктур. Анын мындай буулуккан абалын көргөндөрдүн бир даары «Пенде да, кече эле бийликти мыкчып отуруп, бүгүн ошонун бири жок болуп атса, айласы куруп атат да» деп экс-президентке биртике боор тарткандай болушса, бир даары «Мындай өз статусунан өйдө секирик жасоосу менен бул же жакында камалат, же качат» деп баа беришүүдө.

Айткандай эле А. Атамбаев өз статусунан бийик секире баштады. Мисалы, 16-апрелде ал мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттарын кабыл алууда. Чооң тамаша бекен? Экс-президент ЖК депутаттарын кабыл алып атат…

Мындай көрүнүш мурда-кийин болуп көргөн эмес. Экс-президент деген мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында үй-бүлөсү менен чогуу жашаганга укуктуу, бирок ал жерде Жогорку Кеңештин депутаттарын же кандайдыр бир мамлекеттик чиновниктерди чогултуп алып, жыйын өткөргөнгө укугу жок. Себеби, ал экс-президент. Эгерде депутаттарда жумушу бар болсо, анда өзү алардын кабылдамасына барышы керек. Тилекке каршы, А. Атамбаев дагы деле мамлекет башында жүргөндөгү эйфориясынан чыга албай аткан экен. Мындай аракети менен ал Кыргызстанда кош бийлик жүргүзгүсү келип аткандай болууда. Анын эл шайлаган президент менен атаандашып отурууга, резиденцияда жыйын өткөрүүгө акысы да жок.

Эгерде ошончолук эле өзүнүн айткан-дегенинен чыккысы келбеген депутаттарды жыйнап алып, жыйын өткөргүсү келсе, анда «Форумга» же Кой-Таштагы заңгыраган хансарайына өткөрүшү керек болчу. Андай кылбастан, резиденцияда жыйын өткөрүп атканы, анын учурдагы мамлекет башчысына атаандашып атканы болуп саналат. Тикелей мыйзамдын чегинен чыгуу десек да болот.

Алдын-ала айтылган маалыматтарга караганда экс-президенттин «кабыл алуусуна» Р. Момбеков, М. Мадеминов, А. Артыков, М. Аманкулов, Д. Аттокуров, Н. Каримов, И. Карамушкина, К. Орозова, Ж. Мусабекова, А. Алтыбаева, Г. Молдобекова, Ч. Турсунбеков, А. Самигуллина, К. Рыспаев, М. Айнакулов, И. Өмүркулов, Б. Жетигенов, Э. Сурабалдиева, Е. Строкова аттуу депутаттар барышы ыктымал.

Бул депутаттардын айрымдарынын аты-жөнүн деле элибиз жакшы биле бербейт. Андыктан алардын кадыр-баркы деле жок экенин айтып коелу. Айрымдарынын артынан ар кандай былык иштердин калбыры калдырап ээрчип алган.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда экс-президенттин жыйынына барчу депутаттардын арасынан он чактысы «барып коелучу эми» деп эле көңүл үчүн бараткандар дешет. Айтор, А. Атамбаев сыйы менен болбой, экс-президент деген статусун баалап-барктай албай, элибиздин улам жаңы нааразычылыктарын ойготууда. Сыйын биротоло жоготуп албаса болду деги.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу