Бийликке кайтып келип, өч алгысы келген Алеша

Бийликтен кеткен киши болуп, бирок иш жүзүндө С.Исаковдун өкмөтү аркылуу «өлкөнү өз билгенимдей башкара берем» деген А.Атамбаев азыр айласы куруп жүрөт. Анткени анын аткошчуларынын теӊ жарымы коррупциялык былыктары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, камакка алынса, калган теӊ жарымы «акмак эле экенсиӊ» дегенчелик кылып А.Атамбаевден жүз үйрүп кетишти. Тактап айтканда, А.Атамбаев «бөтөлкөлөш» досу Муктарбек Айнакуловго чабарман чаптырып чакырта албай убара. Эски досуна таарынычы барбы же «элден чыккан киши деп мамилени үзөйүн» дегенби айтор А.Атамбаевдин чакыруусуна ЖК депутаты М.Айнакулов барбай койгону тар чөйрөдө айтылып келаткан болчу.

Ага ачуусу келген А.Атамбаев «Мен муну киши экен деп депутат кылдым эле. Ага чейин «аялым ооруп өлгөн жатат» деп ыйламсырап келгенинен операцияга деп акча да бердим эле. Эми минтип бийликтен кетсем эле карабай калды» деп жинденип жатат дейт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча А.Атамбаев жинденип эле тим болбой «Жакында бийликти колго алам. Мына ошондо Муктардын колу-бутун бирден сындырып, биротоло майып кылып коем» деп чамынып жатканы айтылууда. Бийлик деген ушундай кызык тура, кечээ эле А.Атамбаев президент болуп турганда анын оппоненттери «тизесин талкалайм» деп чамынып чыгышып, ал аракеттери үчүн азыр абакта жатышат. Эми минтип, келме кезек терме тезек болуп, А.Атамбаев өзү ошол жолго түшүп «оппоненттеримден өч чалам, бутун сындырам» деп жатканы жакшылыктын жышааны эмес го.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу