Биз билбеген чындыктар…

Жылан 3 жыл болсо да уктай берет.

Бал эч качан бузулбаган жалгыз азык.

Бесенджи- бул дүйнөдөгү такыр үрбөгөн ит породасы.

Колибри деп аталган куштар баса алышпайт.

Мышыктын мээси адамдыкына окшош. Адамдыкындай эле эмоциялык абалда мышыкта да дал ошол бөлүктөр жооп берет.

Уктап тургандан кийин мээ бир лампочканы күйгүзгөнгө жеткендей энергия бөлүп чыгарат.

Адамдагы эң күчтүү жана эң ийкемдүү булчуң эт бул — тил.

Тамеки чеккен адамдардын бетинде бырыш чекпегендерге караганда 10 эсе көп.

Биздин денедеги чачтар бир айда жарым сантиметр өссө, ал эми жайында кышка караганда бир аз бат өсөт.

Көпчүлүк жигиттер 25-30 жашта үйлөнүш керек дешсе, бирок 50 пайыздан көбү ага чейин эле үйлөнүшөт.

Адамдар компьютердин экранынан китепке караганда 25 пайызга жай окушат.

Кумурскалар суу астында эки жума жашай алат.

Бармактын изиндей эле адамдын тилиндеги издер да бири- бирине окшошпойт.

Адамдын колундагы эң жай өскөн тырмак баш бармакта, ал эми бат узарганы болсо ортондуку.

Түштүк Кореянын борбору Сеул кореялыктардын тилинде «борбор» деген сөздү түшүндүрөт.

Канада кызыл терилүүлөрдүн тилинде «чоң айыл» деген маанини билдирет.

Орточо эсеп менен бир эркек өмүрүнүн 3 350 саатын сакал алууга жумшайт.

Адамдын чачы 3 килограмм салмакты көтөрө алат.

Людвиг ван Бетховен жаңы чыгарма жазаардан мурда башын муздак суу менен чайкачу экен.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу