Бизнесмен жаш кызды алдап, эгиз балдары менен таштап кетти

Чагылган:  Кыздын айтымында, кайгылуу окуянын башында , алгач баары жомоктогудай болгон. Ал арманын төмөндөгүчө айтып берди.

«Өзүн бизнесменмин деп тааныштырган бир жигит менен таанышып калдым. Ал мени кечкисин жумуштан алып кетип, үйгө жеткирип, менин иштериме чейин бүтүрүшүп, бардык жагынан жакшы жардам берип жүрдү. Сени камкордугуна алып, коргоп атса, кайсы эле аялга жакпасын? Мен аны менен калган өмүрүмдүн бардыгын бирге өткөзүүнү кыялданчумун. Арадан бир канча убакыт өтүп эле анын проблемалары башталды. Банкрот болуп, жумуштан да кол жууду.  Ал менден машина алууга — насыя алып берүүмдү өтүнгөндөн жок дей алган жокмун, алып бердим. Өзү мурда алып , бирок, убагында төлөй албай калган үчүн кредит бербей койду.

Канча акча алып бергенимди айтпай эле коён бирок, ал акчага машина, кымбат телефон алды.  Ошентип, мен боюмда бар экенимди билип, дароо эле ага кабарладым. Мен оюмда ал да кубанса керек деп ишенгем. Ал тескерисинче, дароо эле ток этер жерин айтты. «Менин аялым бар. Экинчи менин тынчымды алба, эми сен акылдуу кызсың да, түшүнүп кой» — деп эле жай басып кетти. Же ыйлаарымды, же күлөөрүмдү билбей калып калдым.

Бирок, эмнегедир ал ушуну менен кетип калат деп ишене албай күтө бердим. Аялы бар кишиден боюма бүтүп калганын ата-энеме, туугандарыма айткандан коркуп, стрессте жүрө берип ичим да чоңоюп кетти. Аборт да жасаганга кеч болуп калыптыр», — деп ЖМКга билдирген Казакстандын Актөбө районунда жашаган селки. Ал шорду кыз бизнесмен жигитке  ишенип, эгиз балдары менен жалгыз калган.

Акыры, ал «Энелер үйү» кризистик борборуна жардам сурап кайрылып, учурда ошол жерде жашоодо. Кыз ушуга чейин тиги жигит сөрөйдүн кредитин төлөп келет. «Мен азыр жумушум да, акчам да жок отуруп калдым. Менин окуям жаш кыздарга сабак болушун калаар элем. Таттуу сөзгө ишенбегиле. Биздин коомдо ушундай жоопкерчиликсиз эркектер көп экен», — деп сөзүн аяктады алданган кыз.

Учурда ал, эгиз балдарды төрөп, «Энелер үйү»  кризистик борборунда жашап жатат. Бизде деле, ушундай көрүнүштөр көп. Андыктан, бул окуя биздин кыздарга да сабак болуусу  тийиш.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу