«БИЗДЕН ДАРЫЛАНЫП КЕТКЕН АРАКЕЧ КИЙИН ДЕПУТАТ БОЛДУ». Аракеч, баңгилерди текшерген жана дарылагандар

Жол кырсыгы… Ызы-чуу, күнөөлүүнү аныкташ керек. Тартип сакчылары айдоочулардын шыр эле ичкилик ичкенин, баңгизатын колдонгонун текшериш үчүн наркологиялык борборго алып жөнөшөт. Ушул жерден ишке биздин каарман аралашат. Айдоочунун, тартип бузуучунун тагдырына таасир этүүчү экспертизаларды чыгарган врач-эксперт Татьяна Борисоваменен ал иштеген бөлмөдөгү ый, күлкү, чыр-чатактар тууралуу сүйлөштүк. Каарманым Республикалык наркология борборунда 30 жылдан бери иштейт.

«ЦИРККЕ БАРБАЙБЫЗ, ӨЗҮБҮЗДҮН ЦИРК ЖЕТИШТҮҮ»
-Жумушум кыйын жана кызыктуу. Ошондуктан жакшы көрөм. Учурда аталган ооруканада директордун орун басары болуп иштеп жатсам дагы, көп жыл иштеген врач-эксперт жумушумду таштай албай, нөөмөткө чыгып турам. Ишимдин кызыктуулугу тууралуу айтсам, циркке барбайбыз, өзүбүздүн цирк жетиштүү. Жакында эле милиция кызматкерлери 3 мас кызды түнкү саат 4тө алып келишти. Кыздар таштандыларды чачышты, көп нерсени талкалаганга жетишишти. Бирөөсүн эки дос кызы да, милиция кызматкерлери да токтото албай коюшту. Бир маалда батареяны кармап туруп алды эле, башкалар кызды тартса, батарея жулунуп кетти. Ошол кыз менен соттошуп жүрөбүз. Ал «милиция кызматкерлери бизди урду, таштандыны да алар бизге ыргытышты» деп айтып жатат. Биз жабырлануучу тарап катары «чыгымыбызды төлөп берсин» деген талап коюп жатабыз. Анткени мындай учурлар көп болот, баарын өзүбүздүн каражатка оңдото берип тажадык. Стол менен кошо күкүрт кычкылын оодарып салгандар болгон.
Кесибим юридикалык жоопкерчиликти көтөрөт. Дегеним, биз жазып берген медициналык жыйынтык чыгарган протокол адамдын тагдырын чечет. Ошондуктан бул кесипте адилеттүү болуу, адамды жакшылап таануу – милдетибиз. Билесизби, дайыма эле анализдер көрсөткөн жыйынтык адамдын чын эле баңгизатын колдонгонунун же ичип алганынын далили эмес. Бир жолу жол кырсыгына кабылган айдоочунун заарасынан апийим чыкты. Ал адам таң калып, «мен эч нерсе колдонгон эмесмин» деп жатты. Карасам, баңгиге окшошпойт, чекчейген эле адам. Өзүбүз да шекшип заарасын бир нече ирет текшердик, жыйынтык өзгөргөн жок. Көрсө, ал киши курамында опийим бар дарыны ичиптир. Ошондуктан ушундай жыйынтык чыгып жатыптыр. Ал дары дарыканаларда ачык эле сатылат. Биз чыккан жыйынтык менен эле дыкат текшербестен, протокол жазып берип койсок, ал адамдын тагдырына терс таасир тийгизип алмакпыз да. Андыктан ар бир кадамыбызга жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек.
Коркуткандар бар, «эртең бул жерде иштебей каласың» дешет. Мас менен айтышып отурбайбыз да. Акча сунушташса да, коркутушса да мен мастан соо, соодон масты жасап бербейм.
Бизге МАИ кызматкерлеринен башка опер кызматкерлери, прокуратура, аймактык тескөөчүлөр да окуялардын катышуучуларын алып келип текшертишет. Бир суткада орточо эсеп менен 60-70 экспертиза жасалат.

«АЙЫМДАРДЫН МАС АБАЛЫНДА РУЛГА ОТУРГАНЫ КӨБӨЙДҮ»
-Учурда мас айдоочулар көп, көпчүлүгү жаштар, каннабиске анализдер оң жыйынтык берген учур көбөйдү, негизинен түндө. Жумушум нервиме, жашоомо өзүнүн тагын басты. Айдаганды билсем да, рулга отурбайм, корком. Бизде унааны каалагандай айдашат. Жол эрежелерине эмес, айдоочулардын көздөрүнө карап унаа башкарыш керек.
Айрымдарга бооруң ачыйт. Кээде тартип сакчылары эч кимге зыяны жок нанын, мандаринин эски тешик корзинага салып алып үйүнө кетип бараткан чалды кармап алып келишет. «Эми муну эмнеге кармадыңар?» дейм, «коомдук жайда мас абалында жүргөнгө болбойт» дешет. Бирок анын эч кимге зыяны тийген жок да. Мени көп жылдардан бери таң калтырганы, «коомдук жайда заара ушатты» деп бир аз сыра ичип алган адамды деле алып келе беришет. «Анда даараткана салып бергиле да» деп айтам. Кээде бир эле айдоочуну бир нече ирет алып келишет. Анан соттор кандай иштешет деп ойлоп коём. Мени өкүндүргөнү – аялдар да көп мас болушуп, рулга отурушканы.
14-октябрда «Ала-Тоо» аянтында жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук такси менен Ленд Крузер жол тандабасы сүзүшкөнүн уктуңуз да. Мына ошол маршруттук таксинин айдоочусунун заарасынан героин чыккан. Ал өзү да танган жок. Ушул окуядан кийин мэрия бизге көмөк көрсөтүүбүздү суранып кат жазышты. Азыр биздин докторлор маршруттук таксилердин контролдук-диспетчердик пункттарын текшерип жатышат. Бардыгында эле наркологдор бар. Бирок алар «ичимдикти гана текшере алабыз» деп айтышат. Бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, ичимдикти текшерген пункттарда баңгизаты да текшерилиши керек.

«ТЕМИР ЖУМАКАДЫРОВДУ СҮЗГӨН АЙДООЧУ ИЧКИЛИК ДА, БАҢГИЗАТЫН ДА КОЛДОНБОПТУР»
-Темир Жумакадыров каза тапкан кырсыктагы КамАЗдын айдоочусун да бизге алып келишкен. Айдоочу бала 25 гана жашта, нес абалында экен, эч нерсе түшүнбөй эле отурду. Анан да ал бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы экен. Ичкилик да, баңгизатын да колдонбоптур. Ким күнөөлүү экенин тиешелүү органдар чечет, бирок менин эки тарапка тең боорум ооруду. Жаш баланын жашоосу кырсыкка чейин жана кийин болуп бөлүнүп калды. Экинчи тарапта болсо канча балдар жетим калышты. Ушундай учурларда бир мүнөт да жашоону өзгөртүп коёрун сезесиң. Менин тилегеним, тартип сакчылары мас айдоочуларды убактысынан кечикпей, кырсык катталганга чейин токтотуп калышса.


Аракка берилип же баңгизатынын торуна кабылгандар ушул адамдардын жардамына муктаж. 33 жылдык эмгек жолунда аракечтер менен баңгилердин ар кандай түрүн көргөн Республикалык наркологиялык борбордун врач-наркологу, амбулатордук-диагностикалык бөлүмдүн башчысы Элмира Исраилова кесиби тууралуу баяндайт.

-Жумушум психикалык жактан оор. Бизге түшкөндөрдү көрүп зээниң кейийт. Үйдө бирөө аракеч болсо, башкалар да оорукчан болушат, үйдөн кут качат. Арактын айынан эле канча турмуштар бузулуп, канчасы ажырашып, канчасы өлүп жатат. Аракеч, баңгилердин туугандары «өлүп калат экен» деп коркушуп ыйлап жалдырашат. Бирок адам өзү аракет кылмайынча жыйынтык болбойт. Жанды кейиткени – аялдардын көп ичип жатканы. Мурда аялдарды караган өзүнчө бөлүм жок болчу. 4 жылдан бери аялдар бөлүмү иштейт.
Айрымдары узак убакыт арактан башы чыкпай келишет, бул абал мээни гана эмес, организмдин баарын талкалайт. Жакында көп жылдардан бери ичкен жапжаш бала келип, боор циррозунан өлүп калды. Азыр арак ичкендер, гашиш чеккендер көп, жаш курагы боюнча 18ден 22ге чейинкилер басымдуулук кылат. Ошондуктан мектептерге, ЖОЖдорго профилактикалык иш-чараларды өткөрөбүз.
Бир окуя эсиме түштү, илгери Нарындан бир кишини алып келишкен. Адамды уй байлаган аркан менен байлап келгенин өмүрүмдө биринчи жана акыркы жолу көргөм. Жапжаш бала аракка берилип кеткен. Өзү билимдүү, акылдуу. Аракты таштагандан кийин айыл өкмөтү болду, аким, кийин депутат болду. Бизден дарыланып кеткен дагы бир киши азыр бир мекемеде башкы директор болуп иштейт. Өз башынан өткөндүктөн, арак ичкен адамды жакшы түшүнөт. Жумушчулары ичсе бизге келип дарылатып кетет.
Бул көйгөйлөргө, албетте, социалдык абал таасир берет. Бирок ар бир адамдын жашоосу өзүнүн колунда. Адам өзүн тарбиялаш керек. Коом тарбиялайт деп отура бергенче арак ичип жатып бир жарга барып такаласың же өлөсүң. Эмнеге жаштар? Аларга бир жолго түшүп жашап кетиш кыйын болуп жатпайбы. Мурда окууну бүткөндө жумуш даяр болчу. Азыр билимдүүлөр көп, жумуш орундары жок. Миграция маселесинин таасири да чоң. Ата-энеси Орусиялап акча издеп жүрөт, балдар кароосуз калып, көзөмөл жок.
Азыр Бишкек шаары боюнча 20 миңге жакын арак ичкендер, баңгилер катталган. Анын ичинен айымдардын саны 3 миң.
20 миңдин ичинен 3 миңге жакыны баңги, анын ичинен 263ү аялдар. Психоз (белая горячка) менен 25 киши каттоого алынган, алтоосу аялзаты. Жыл сайын бизге түшкөндөрдүн саны 200-300 кишиге көбөйөт. Айыгып каттоодон чыккандар орточо эсеп менен 50-60 киши. Каза тапкандар жылына 15-16 киши. Бул сан жыл санап 2-3 кишиге көп болуп турат.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу